Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ФОРУМУ ӨТӨТ

Көрүлдү: 985

2023-жылдын 1-3-ноябрында Бишкек шаарында “Орус тили мектептин билим берүү системасында. Натыйжалуу билим берүү мейкиндигин түзүү жана башкаруу” темасында Кыргыз Республикасынын мектептеринин жетекчилеринин форуму өтөт.

post.title

Форумдун ачылышына Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, Россия кызматташтыгынын жетекчисинин орун басары  Павел Шевцов, «РОСБИОТЕХ» Жогорку билим берүү боюнча федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин жаштар саясаты боюнча проректору  Владимир Шутенконун катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында россиялык ЖОЖдордун жана Кыргыз Республикасынын мектептеринин кайчылаш кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоонун заманбап ыкмалары , мугалимдин жөндөмдүү окуучулар менен иштөөгө даярдыгы, педагогикалык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатуу, Кыргызстанда жана Россияда жаштар менен иштөөнүн жаңы форматтары багытындагы маселелерди талкуулоо боюнча тегерек столдор пландаштырылган.

Каттоонун башталышы: 2023-жылдын 1-ноябры, саат 9:30да.

Өтүү орду: Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети

Байланышуу: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева, телефону - 0554 445 566 / 0312 62 35 91

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар