Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 647

Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад шаарындагы №8 “Теремок” балдар бакчасында тарбиячылардын балдарга карата терс мамиле жасагандыгы боюнча Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып төмөндөгүлөрдү билдирет:

post.title

2023-жылдын 18-октябрында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө “Теремок” балдар бакчасынын ата-энелери бала бакчанын тарбиячылары А.О. жана К.Т. дарегине оозеки арыз менен кайрылышкан.

Оозеки арыздын негизинде Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү комиссия түзүп, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында тарбиячылар А.О. жана К.Т. балдарга карата терс мамиле жасагандыгы аныкталган.

Тарбиячы А.О. түшүнүк кат алынып, өз арызынын негизинде 2023-жылдын 23-октябрынан тарта жумуштан бошотулган. Ал эми К.Т. 2023-жылдын 23-октябрынан тартып эмгекке жарамсыздык баракчасын ачтырганына байланыштуу учурда даарыланууда. Мындан улам даарыланып чыккандан кийин К.Т. чара көрүү жагы бала бакчанын жетекчиси Г.Исаевага сунушталган.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан №8 “Теремок” балдар бакчасынын жетекчиси Г.Исаевага кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн “Сөгүш” тартиптик чарасы берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар