Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ “STEAM4ALL КЕСИПТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН” КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 2819

27-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги, БУУӨП Кыргызстан жана STEM4ALL коомчулугунун өнөктөштөрү менен “STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн” конференциясын, “STEM FAIR” жарменкеси жана “Келечек жөнүндө диалогдор” конференциясын өткөрүүдө.

post.title

Конференциянын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов катышты.

Министрдин орун басары Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде STEMди (илим, технология, инженерия жана математика) жайылтуу боюнча демилгелерди колдоп, жигердүү ишке ашырып жаткандыгын айтты.

Бекжан Супаналиев Билим берүү жана илим министрлигинин STEM предметтерин актуалдаштыруу үчүн жүргүзүп жаткан иштери, республикадагы 82 миң мугалимдин 36 миңи жаңы ыкмаларды колдонуу жана санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүү боюнча квалификациясын жогорулатып жатканы жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле Бекжан Супаналиев кийинки жылы пилоттук негизде Chromebook боюнча окутуулары бар Chrome класстары түзүлөрүн деп билдирди.

Алмаз Исанов математиканын жашоодогу мааниси жөнүндө өзүнүн жеке окуясында мисал келтирип, “Чектөөлөр биздин башыбызда гана” деп жыйынтыктады.

Конференция аялдардын укуктарын илгерилетүү жана STEM4ALL коомчулугунда гендердик теңчиликти жана санариптик күн тартибин позициялоо боюнча жамааттык аракеттерди координациялоо максатында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар