Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПЕДАГОГДОР “КУРАК КҮҮСҮ – ДУЭТ” КӨРГӨЗМӨСҮНДӨ ЧЕБЕРЧИЛИКТЕРИН КӨРСӨТҮШТҮ

Көрүлдү: 797

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин “Дизайн” кафедрасынын улук окутуучусу Кимия Төрөгелдиева жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Аида Балтабаева Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Курак күүсү – дуэт” кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн тартуулашты.

post.title

Көргөзмөгө түркүн түстүү паннолор, курак техникасында жасалган буюмдар, туш кийиздер коюлган.

“Курак – мен үчүн музыка сыяктуу. Бардык элементтердин туура айкалышы ырдагыңды келтирген музыкалык кайрыктардай. Бул көргөзмө – биздин курак ырын жаратуудагы биргелешкен ишибиздин натыйжасы”, - деди Аида Балтабаева.

Көргөзмөнү 2023-жылдын 9-ноябрына чейин көрүүгө болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар