Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИБРОХИМ АБДУРАХМОНОВ КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАН ЖОЖдорунун РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

Көрүлдү: 953

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Иброхим Абдурахмонов Кыргызстан жана Өзбекстан ЖОЖдорунун ректорлорунун форумуна катышуу үчүн Ош шаарына барган делегацияга сапардын алкагында көрсөткөн меймандостугу жана көңүл буруусу үчүн ыраазычылык билдирип кат жолдоду.

post.title

Анда Иброхим Абдурахмонов “Форумда билим берүү процессин уюштуруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча ар тараптуу пикир жана маалымат алмашуу болгонун...Форумдун катышуучу-ЖОЖдору жакынкы келечекте биздин өлкөлөр ортосундагы ЖОЖдор аралык кызматташтыктын негизин түзө турган байланыштарды түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берилгенин” белгилеген.

2023-жылдын 3-4-октябрында Жогорку билим, илим жана инновациялар министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов жетектеген Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун делегациясы Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумуна катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар