Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЭУнун 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 3033

“Кыргыз экономикалык университети – өлкөнүн билим берүү рыногунда жогорку суроо-талапка ээ болгон окуу жай жана экономикалык багытта билим берүүнүн башкы флагманы”, - деди бүгүн, 25-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуу жайдын 70 жылдыгына арналган “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” Эл аралык илимий-практикалык конференцияда.

post.title

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин атынан КЭУнун 70 жылдык маарекеси менен куттуктап, мамлекет университеттин жетишкендиктерин баалоо менен ага “Илимий-изилдөө университети” деген өзгөчө макам ыйгаргандыгын белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө КЭУ бекеринен “Даңк” ордени менен сыйланбаганын белгилеп, окуу жай мыкты экономист-менеджерлерди, экономикалык мамлекеттик башкаруучуларды даярдоодо теориялык, илимий жана практикалык көндүмдөрдү айкалыштыра билгендиги менен өзгөчөлөнөрүн айтты.

“Бүгүнкү күндө сиздер даярдаган адистер өлкөнүн ар кайсы тармагында эмгектенип жатышат. Сиздердин окуу жай 100 жылдыкка карата Борбордук Азияда олуттуу орунду ээлейт деп ойлойм жана Кыргызстанга эле эмес эл аралык экономикалык өнүгүү аренасына дагы татыктуу адистерди даярдаган адистештирилген жогорку окуу жай болушуңуздарды каалайм”, - деди министр Кендирбаева.

Академиялык диалог, тажрыйба алмашуу жана экономика тармагындагы жаңы идеяларды өнүктүрүүгө аянтча түзгөн эл аралык конференцияга Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Владимирович Мясникович жана Венгрия, Орусия, Азербайжан жана Өзбекстандын университеттеринин ректорлору катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар