Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№94 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 705

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева №94 кесиптик лицейдин директорун дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.

post.title

Буйрукка ылайык, 2023-жылдын 23-октябрынан тартып Кубаталиев Турдубек Шералиевич Бишкек шаарындагы №94 кесиптик лицейдин директору болуп дайындалды.

20-октябрда башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчисинин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө уюштурулуп, ошол эле күнү компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкер менен аңгемелешүү өткөрүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар