Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
«ЖАҢЫ КИТЕП» МЕКТЕПТЕРДИН КИТЕПКАНА ФОНДУН ТОЛУКТОО БОЮНЧА КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫН ӨТКӨРҮҮДӨ

Көрүлдү: 706

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Жаңы китеп» мекемеси мектептердин китепкана фондун көркөм адабият, маалымдама адабияттары жана окуу материалдары менен толуктоо максатында «Билимге кошумча» аттуу мөөнөтсүз кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө.

post.title

Алдын-ала жыйынтыктар боюнча сентябрь айынын соңуна карата жалпысынан 10 миң нускадан ашуун китеп кабыл алынган. Акцияга Кыргыз Республикасынын бардык региондору катышкан.

Китептер төмөнкү мектептерге белекке берилди:

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы В.И.Ленин атындагы мектеп,
Ноокат районундагы Тѳѳлѳс айылындагы мектеп,
Бишкек шаарындагы №91, №6 мектептер,
Нарын шаарындагы №2, 4, 7, 8, 9, 10, 17 мектептер,
Нарын облусунун Жумгал районундагы Рысалы Солтонбеков, Калык Акыев атындагы мектептер,
Нарын районундагы Табалдиев атындагы мектеп,
Ош областындагы №50 мектеп,
Ош облусунун Алай районундагы Таш-Короо айылындагы И.Адишев атындагы мектеп,
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Молдогазы Урмарал атындагы, Эшимбек Капалов атындагы жана Э.Дүйшеев атындагы мектептер,
Манас районундагы Н. Цыренин атындагы мектеп,
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы - №35 орто мектеп, М.Мамакеев атындагы мектеп,  С.М.Киров атындагы мектеп,
Балыкчы шаарында - №8 мектеп.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мектеп китепканаларына көркөм китептерди тапшырган. «Манас» улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев өзү билим алган Аман Айтпаев атындагы мектепке автордук китептерин белек кылды.

Акциянын фото жана видео отчеттору: https://m.facebook.com/groups/search/?groupID=403021557743923&query=%23%D0%B1%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%B3%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D1%88%D1%83%D0%BC%D1%87%D0%B0&ref=content_filter&tsid=0.5197940532346041&source=typeahead

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар