Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ ВАЙЕНШТЕФАН-ТРИЗДОРФ ПРИКЛАДДЫК ИЛИМДЕР УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 2735

19-октябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бавариядагы Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинин президенти доктор Эрик Вёлье менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда эки өлкөнүн окуу жайлары ортосунда айыл чарба багытындагы климаттык туруктуулук, анын ичинде сугат тутумун өнүктүрүу, алдыңкы технологияларды пайдалануу, айыл чарбадагы билимди трансформациялоо, жашыл экономика багытындагы тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.

Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинин президенти Эрик Вёльенун айтымында, учурда окуу жай дүйнөдөгү 140 ашуун ЖОЖдор менен кызматташат.

“Биз К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен кызматташуга кызыкдарбыз, анткени алдыбызда жалпы милдеттер турат, аны чечүүдө биргеликте иш алып барсак, ишибиз натыйжалуу болот. Эки университеттин бүтүрүүчүлөрү келечекте эки өлкөдо тааныла турган дипломго ээ болуу маселесин да кароону сунуштайм”, - деди ал.

Расул Абазбек уулу  кыргыз тарап Weihenstephan-Triesdorf прикладдык илимдер университетинин айыл чарба багытындагы алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана кызматташтыкты интенсивдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

“К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети республикадагы өзгөчө статуска ээ болгон жогорку окуу жайлардын катарына кирет. Мунун өзү окуу жайдын финансылык, административдик жана академиялык эркиндигин аныктап, кызматташууга кеңири шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасы кызматташууга сунушталып жаткан жашыл экономика, экологиялык таза продукцияны өнүктүрүү сыяктуу багыттарды колдоого алат”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Расул Абазбек уулу  делегация мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, ЖОЖдор аралык кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ал практикалык мүнөзгө ээ болооруна ишенимин билдирди.

Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университети 1971-жылы Вейхенстефандагы багбанчылык инженердик мектебинин жана Шёнбрунн, Трисдорф жана Ландсберг/Лех шаарларындагы айыл чарба инженерия мектептеринин базасында түзүлгөн.

Аталган университет Европалык сапат белгиси - E-Quality 201 менен сыйланган он эки немис университетинин бири.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар