Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БОРБОРДОГУ №98 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Көрүлдү: 425

Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейде Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара болуп өттү.

post.title

Иш-чарага окуу жайдын окутуучулук курамы, окуучулары жана жазуучунун карындашы Роза Айтматова, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына тийиши бар белгилүү инсандар катышты.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн өтүп, келечек муундарга “Ак кеме”, “Кыямат”, “Жамиля”, “Биринчи мугалим” сыяктуу терең мазмундуу, кайталангыс чыгармаларды калтырып кеткен.

Кечеде жылуу маанай өкүм сүрдү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга белгилүү чыгармачыл инсандар менен жакындан баарлашууга, өз суроолоруна жоопторду алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар