Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТЫНА ТАНДОО ТЕСТИНЕН 5 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Көрүлдү: 3569

Бүгүн, - 17-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өттү.

post.title

Тестирлөөгө 138 талапкер катышты, анын ичинен 24ү орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, 114ү кесиптик лицейлердин жетекчилик кызматына сыноодон өттү. Тестирлөөгө катталган 2 талапкер тестке катышкан жок.

Жалпы талапкерлердин 3,6%ы тестирлөөдө босого % упай топтоду. Колледждердин жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин ичинен – экөө, ал эми кесиптик лицейлердин жетекчилерине 3 талапкер босого баллдан жогору % топтогон.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

- Чокоев Расул Искендерович, Талас облусу, Талас шаары, №90 кесиптик лицейи,

- Бекишев Урмат Муканович, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейи,

- Мамытов Нурсултан Нуралиевич, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, №7 кесиптик лицейи,

- Асанбеков Токторбай Үсөнканович, Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи,

- Дөлөтов Майрамбек Маматжанович, Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар