Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ «ТЕРЕБЕЛ» САНАРИПТИК ПЛАТФОРМАСЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Көрүлдү: 867

Бүгүн, 16-октябрда «Таалим форум» коомдук фонду балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» – санариптик платформасын сунуштады.

post.title

«Теребел» сайтында окуучулар кыргыз тилинде экологиялык билимдерди жана жер таануу боюнча кеңири маалыматтарды алышат, мында “Балдар үчүн экология жөнүндө китеп” жана “Балдар үчүн жаратылыш жөнүндө китеп”, ошондой эле кошумча ресурстар, «Кыргызстандын жапайы жаратылышы» китептери, видео, оюндар  орун алган.


Материалдар мугалимдерге экологиялык билимди жайылтууда, сабактарды даярдоодо жана география, биология жана табият таануу сыяктуу мектеп предметтери боюнча интерактивдүү иш-чараларды уюштурууда пайдалуу болот.


Платформаны иштеп чыгуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар