Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ОКУТУУЧУ МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ТРЕНИНГДЕН ӨТҮП ЖАТЫШАТ

Көрүлдү: 703

«Балалык» программасы боюнча кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 700 тарбиячысын окутуучу машыктыруучулар үчүн тренингдер уюштурулду.

post.title

Тренингдер 2-октябрда Бишкек шаарында, 9-октябрда Ош шаарында башталды жана аймактарда ноябрга ичинде болуп өтөт. 10 күндүк окутуу экиге бөлүнгөн, алгач 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларында машыктыруучулар 5 күн окуса, калган 5 күнүн 2024-жылдын жаз айларында билимин өркүндөтүшөт. Курстун форматы катышуучуларды толук кандуу сертификациялоо үчүн 72 сааттык болуп иштелип чыккан.

"Балалык" программасы балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү - өлкөнүн билим берүү саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири экендигине көңүл бурат. Бул этапта баланын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн жана социалдык адаптациясынын негиздери түптөлүп, алар мектепте сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Ошондуктан, билим берүү процесси балдардын гендердик социалдашуусун эске алуу менен түзүлүшү керек. Өнүктүрүүчү чөйрөнү (өнүктүрүү жана таанып билүү борборлору, башка инновациялар) түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

"Балалык" программасынын өзгөчөлүктөрү:

  • Программа баланын өнүгүүсүнө, анын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган;

  • Окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо милдеттеринин биримдиги;

  • Бардык билим берүү тармактары боюнча интеграцияны эске алуу менен жумалык тематикалык пландаштыруу киргизилди;

  • Билим берүү процессин ишке ашыруу балдарды өнүктүрүү чөйрөлөрүн интеграциялоо принциптерин эске алуу менен курулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар