Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫ БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ ИНТЕГРАЦИЯНЫ ИНТЕНСИВДҮҮ ТҮРДӨ ӨНҮКТҮРӨТ

Көрүлдү: 3338

13-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош Мамлекеттик университетинде өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун III форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

post.title

Министр белгилегендей, форум эмгек рыногундагы суроо-талапка ылайык заманбап адистерди даярдоодо жаңы чечимдерди издөө жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен билим берүү тармагында активдүү кызматташып жатканын баса белгиледи: «Өз ара аракеттенүү өкмөттөр аралык деңгээлде гана жүргүзүлбөстөн, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору ортосунда, Москванын, Санкт-Петербургдун, Башкортостандын, Татарстандын, ошондой эле Уралдын, Свердлов областынын административдик органдары менен жеке байланыштар чыңдалууда».


Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 80ден ашуун ректорлору катышууда. Форум билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктоо, евразиялык интеграцияны өнүктүрүү алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы билим берүү тутумун жакындаштыруу максатында өтүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар