Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖОЖ РЕКТОРЛОРУНУН III ФОРУМУ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 838

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жатат.

post.title

Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 80ден ашуун ректорлору катышууда.

Жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктоо, евразиялык интеграцияны өнүктүрүү алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү максатында өтүүдө.

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жатат.

Алгачкы жолу форум 2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Россиянын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Ал эми экинчи форум 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар