Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫН ЖАНА СТУДЕНТТЕРИН ЮБИЛЕЙИ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Көрүлдү: 1090

12-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Россия славян университетинин жамаатын жана студенттерин юбилейи менен куттуктады. Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Сибирь федералдык университетинин ректору Максим Румянцев, Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинин ректору Андрей Рудской да юбилейлик иш-чараларга катышууда.

Догдуркүл Кендирбаева юбилейлик иш-чарада: «2050-жылга чейин Кыргыз-Россия Славян университети кандай болушу керек? Биринчиден, Кыргызстандын жаштары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болушу керек. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин кызыкчылыгын арттырып, дүйнөлүк деңгээлдеги профессорлор менен алдыңкы изилдөөлөргө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана инновациялык жогорку окуу жайы болушу зарыл», - деп билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамына сыйлыктарды тапшырды.

Россия Федерациясынын алгачкы Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына карата 11-13-октябрь аралыгында бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Программанын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция, кыргыз-орус медиа форуму, тегерек столдордун өтүүсү, кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар