Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ КРСУдагы УНИКАЛДУУ ЭКСПОНАТТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 730

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына арналган салтанаттын алкагында окуу жайдын Археологиялык музейи менен таанышып чыкты.

post.title

Мында 2,5 кылымга тете Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган буюмдар, университеттин окумуштууларынын археологиялык изилдөөлөрү жана башка байыркы дүйнөлөрдүн кызыктарына күбө болууга болот.

Музейде диний баалуулуктарга тийиштүү табылгалар да бар, мисалга Будданын эстелиги менен катар христиан жана ислам ишенимине тийиштүү буюмдар да коюлган. Мунун өзү Ысык-Көл аймагы аркылуу Улуу Жибек Жолу өтүп, тогуз жолдун тоому аталган цивилизациянын очогу болгонунан кабар берет.

Белгилесек, Кыргыз-Россия Славян университети суу түбүнөн археологиялык  изилдөө жүргүзгөн уникалдуу жалгыз окуу жайы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар