Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ CHROMEBOOK КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ГЛОБАЛДЫК ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 880

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 2023-жылдын 2-4-октябрында Жапониянын Токио шаарында өткөн “GELP 2023” (Дүйнөлүк билим берүү лидерлеринин өнөктөштүгү) иш-чарасына катышты.

post.title

Дүйнө жүзү боюнча 200 ашуун билим берүү тармагынын өкүлү катышкан иш-чарада билим берүүнү трансформациялоо темасы талкууга алынды.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов онлайн катышты.

Алгач 2-3-октябрда билим берүү тармагында мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алган өлкөлөр өз тажрыйбалары менен бөлүшсө, 4-октябрда катышуучулар Жапония мамлекетинин жалпы билим берүү мекемелеринин биринде билим берүүдөгү санариптештирүү багытындагы тажрыйбасына күбө болушту.

Белгилесек, саамалыкта көтөрүлгөн негизги маселелердин бири Chromebook деп аталган башталгыч жана орто класстардын окуучулары үчүн билим берүү максатында колдонулган ноутбуктарды мектептеги окуу процессине киргизүү болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар