Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАРА-БАЛТА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ СҮТТҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 971

10-октябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде сүттү кайра иштетүү боюнча окуу борборунун ачылыш аземине катышты.

post.title

Окуу цехинде колледждин жана башка окуу жайлардын окутуучулары, насаатчылар, ишканалардын мастерлери жана лаборанттары үчүн теориялык жана практикалык сабактар, илимий изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Борбордун имараты эл аралык азык-түлүк коопсуздугунун HACCP стандартына жооп берет, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

Борбордун курулушу Германия өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбор Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Кара-Балта колледжи GIZ колдоосу менен Кыргызстанда биринчилерден болуп окуу жайда - теориялык жана ишканада практикалык окутуудан турган жаңы дуалдык билим берүү системасын пилоттук түрдө киргизген окуу жайы болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар