Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖОЖдорунун РЕКТОРЛОРУНУН III ФОРУМУ

Көрүлдү: 1125

2023-жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун ректорлорунун III форуму өз ишин баштайт.

post.title

Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.

Тиешелүү министрликтердин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү аймактарды өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролун, эки өлкө ЖОЖдорунун кызматташтыгын, атап айтканда, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк долбоорлорун, жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштурууну талкуулашат.

Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Россия Федерациясынын ректорлор союзу, Ош Мамлекеттик университети, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети.

Форумдун сайты: https://forum.oshsu.kg/

 

Маалымдама:

 

2019-жылдын март айында Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форуму өткөн.

2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында IX орус-кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында Орусиянын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунун II форуму болуп өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар