Көрүлдү: 1071
Билим берүү тармагы үчүн Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө гранттык негизде 7 миллион евро (болжол менен 665 млн сом) которду.
Бул Евробиримдик тарабынан 2023-2026-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн 27 миллион евро суммасындагы гранттын биринчи траншы. Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атап айтканда, окуу китептерин сатып алууга, бардык мектептерде интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоого, гендердик теңчиликти жана көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүүгө багытталган.