Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Некролог. Кубаев Борис Хамитович

Көрүлдү: 898

Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун негиздөөчүсү жана анын ректору, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык академиянын академиги Кубаев Борис Хамитовичтин 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

post.title

Борис Хамитович 1967-жылы  Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тили факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин, университетте окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчы, декан, проректор кызматтарын аркалаган.

1992-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору,
2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

2003-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун ректору кызматында эмгектенип келди.

1983-жылы Алма-Ата шаарында Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде кандидаттык, 1999-жылы докторлук диссертациясын экономика багыты боюнча ийгиликтүү коргогон.  

Токсондон ашык илимий-популярдуу, көркөм чыгармалардын автору. Муну менен катар, проза менен поэзияга абдан кызыккан инсан эле.

Кубаев Борис Хамитович Кыргыз билим берүү тармагына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер мамлекеттик наамын алган. Мындан сырткары, КМШ өлкөлөрүнүн сыйлыктарын ээси. Мыкты жетекчи, уюштургуч жана кыргыз элинин мекенчил азаматы катары элдин эсинде калды.

 

Үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар