Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДА ОРУС ТИЛДҮҮ 9 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 3127

4-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана Фонддун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өлкөлүк өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту.

post.title

Тараптар Кыргыз Республикасында орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана  Техникалык тапшырмаларды даярдоо маселесин талкуулады.

Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүүчү 3 сааттык программалар кошо камтылган «3 \ 1» форматындагы моделдик мектептерди түзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен биргеликте окутуу технологиясын, санариптик класстарды ачуу жана аталган мектептердин келечектеги ишмердүүлүгү маселесин карап чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар