Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
«МЕН ТИЛЕГЕН КЕСИП» СЫНАГЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРУ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 718

2023-жылдын 3-4-октябрында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими”, - “Мен тилеген кесип” республикалык кесиптик чеберчилик сынагын өткөрүүдө.

post.title

Конкурс райондук, облустук жана республикалык үч баскычта өткөрүлгөн.

Сынактын финалы “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда өттү.

Финалисттер 3 турда таймашты:

I тур — студия, ийрим, секция жөнүндө видео презентация

II тур – балдар тобу менен ачык сабак,

III тур - “Педагогикалык көп кырдуу таймаш” – бул педагогикалык кырдаалды чечүү, педагогикалык риторика, топтук конкурстук сынак, тестирлөө сыяктуу тапшырмаларды камтыган жеке сынак таймашы.

Эскертсек, «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими» наамына облустук турда төмөндөгүлөр жеңүүчү болгон:

Баткен облусу - Ишанкулов Баходир Маматкулович, «Баластан» билим берүү жана чыгармачылык балдар борбору, Лейлек району,

Жалал-Абад облусу - Орункулова Мээрим Доолбековна, Ч.Айтматов атындагы шаардык балдар чыгармачылык борбору, Кара-Көл,

Нарын облусу - Сагынбаева Жылдыз Жолдошбековна, К.Кожоев атындагы балдар билим берүү борбору, Ат-Башы району,

Ош облусу - Мадазимова Тургунай Ашимжановна, балдардын чыгармачылык борбору, Өзгөн району,

Ош ш. - Сыдыков Муратбек Назирович, «Келечек» балдар чыгармачылык борбору,

Талас облусу - Бакытова Айгерим Бакытовна, балдарга билим берүү борбору, Айтматов району,

Чүй облусу - Якушева Юлия Сергеевна, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, Токмок ш.

Ысык-Көл облусу - Акматалиева Нургүл Токоновна, балдар чыгармачылык үйү, Ысык-Көл району.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар