Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
«JANSER CONSULT GMBH» КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 3212

2023-жылдын 3-октябрында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана «Janser Consult GmbH» компаниясынын башкы директору Сергей Серебрянский Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Janser Consult GmbH» консалтинг компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

post.title

Меморандумда кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана өркүндөтүү, анын ичинде кыргыз-герман дипломун алуу, тренингдерди өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча европалык стандарттар боюнча программаларды иштеп чыгуу, Германиядагы эмгек рыногу үчүн кесиптик лицейлерде эки өлкөнүн бирдиктүү программаларынын негизинде адистерди даярдоо, кесиптик лицейлердин окутуу программасына немец тилин киргизүү, студенттерди Германияга окууга жана практикага жөнөтүү каралган.

Кол коюу аземине ошондой эле Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясы катышты, анын курамына Германиянын чакан жана орто бизнес ассоциациясынын (BVMW) саясат жана тышкы соода боюнча федералдык башкармалыгынын мүчөсү Андреас Ян(Andreas Jahn), BVMW Мансфельд-Зюдгарц, Зальцландкрайс жана Гарц райондук бөлүмүнүн жетекчиси Оливер Брунн (Oliver Brunn), Academy & Life өнөктөштөр менен иштөө менеджери Care Катя Кайзер (Katja Kaiser), Janser Consult GmbH жетекчиси Роман Серебрянский, Allianz Sales Henze жетекчиси Кристиан Хенце кирген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар