Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Көрүлдү: 494

3-октябрда Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата республиканын билим берүү уюмдарында өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары жана өзүн өзү сактоо ыкмалары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өттү.

post.title

Сиренанын үнү менен билим берүү уюмдарынын имараттарынан окуучулар, мугалимдер жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери эвакуациялоо планына ылайык, имараттан чыгарылып, машыгуу аяктагандан кийин жумуш орундарына кайтып келишти.

Кошумчалай кетсек, Кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун эл аралык күнү зыянды азайтуу үчүн даярдык чаралары жана алдын ала эскертүү системасы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында белгиленет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар