Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МЕКТЕПТЕРДЕ STEAM – ПРЕДМЕТТЕРДИ ОКУТУУ САПАТЫНА БАСЫМ ЖАСООБУЗ КЕРЕК

Көрүлдү: 472

Бүгүн, - 2-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты.

post.title

“STEAM-сабактардын иштелмелери бар, мыкты тренерлер бар, ал нерсени жалпы өздөштүрүп кетүүбүз зарыл. Биз мугалимге багытталган саясатты, ал эми мугалимдер балага багытталган саясатты жүргүзүүсү керек. Ар бир мугалим өзүнүн алсыз жерин аныктап, күчтүү жерин өстүрүшү керек, кесиптик чеберчиликти тынымсыз жогорулатууга багыт алышы абзел”, - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Белгилесек, Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектептин ар бир классында 12-15тен бала окуйт, мунун өзү балдарга мугалимдердин кеңири убакыт бөлүүсүнө жана алардын татыктуу билим алуусуна мыкты мүмкүнчүлүк түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар