Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ООР ТУРМУШТУК КЫРДААЛГА КАБЫЛГАН БАЛДАРДЫН ЖАНА ЖАШТАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ ҮЧҮН IT-КЛАССТАР АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 497

28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде жана №18 кесиптик лицейде IT класстардын ачылыш аземи болуп өттү.

post.title

IT класстар компьютердик техника жана программалык камсыздоо менен жабдылган, бул окуучуларга программалоо көндүмдөрүн алууга, маалымат менен иштөөгө, долбоорлорду түзүүгө жана интернет ресурстарына жана маалыматтык технологиялар боюнча окуу курстарына жеткиликтүүлүктү камсыздап берет.

Кесиптик лицейлердеги IT класстар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Аялуу балдардын жана оор турмуштук кырдаалга кабылган жаштардын потенциалын жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» - «Step Up/ Шаг вперёд» долбоорунун алкагында ачылган.

Салтанатка Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн программасынын жетекчиси Стефано Коррадо, "Rural Development Fund" директору Күлүйпа Акматова катышты. Фонд Кулуйпа Акматова катышты.

Долбоордун координатору Уран Жунусовдун айтымында, Кемин кесиптик лицейинде да IT классын ачуу пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар