Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 510

Билим берүү жана илим министрлиги Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, 2023-жылдын 21-сентябрында Токмок шаарындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги орус тили сабагында катталган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Социалдык тармактарга аталган мектептин 5 - “В” классына орус тили сабагын өтүп жаткан мугалим окуучуну башка чапкандыгы боюнча видео таркаган. Бул окуя боюнча ата-энелердин жана администрация өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуш өтүп, мугалим сабактагы баланын жүрүм-туруму чектен чыккандыгы үчүн мындай кадамга баргандыгын айтып, ата-энелерден кечирим сурап, мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгын билдирген.

Ата-энелер чогулушта бир чечимге келип, мугалимге карата эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Ал эми Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан Токмок шаарындагы №9 мектептин директору Жумалиева Айгүл Тыныбековнага карата Баланын укугу боюнча конвенцияны, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин аткарууда кетирилген кемчиликтери жана мугалимдин баланы ур-токмокко алуусуна жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин алып барбагандыгы үчүн тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйругу чыгарылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар