Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАН ЖАНА САНКТ-ПЕТЕРБУРГ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЧЫҢДООДО

Көрүлдү: 633

Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйыны өттү.

post.title

Кыргыз тарапты – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков, россиялык тарапты Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев жетектеди.

Уланбек Усеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтык билим берүү жана илим тармагынын бардык деңгээлинде ишке ашырылууда.

«Биздин өлкөлөрдүн билим берүү жана илим жаатындагы жемиштүү кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет», - деп жыйынтыктады ал.

Ошондой эле ал 2023-2024-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 1000 бюджеттик орун берилгендигине ыраазычылык билдирди.

Комиссия мүчөлөрү Өкмөттөр аралык комиссиянын XI отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулап, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйынынын протоколунун долбооруна кол коюшту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар