Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАЛДООЧУЛАР БИШКЕКТЕ ЧОҢ ЕВРАЗИЯНЫН ӨНҮГҮШҮН ТАЛКУУЛАШАТ

Көрүлдү: 546

19-сентябрда Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин 30 жылдыгына арналган “Чоң Евразиядагы аналитикалык көпүрө: социалдык-экономикалык, саясий жана гуманитардык көйгөйлөр” темасындагы эл аралык конференция башталды.

post.title

Конференциянын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев кайрылып,Сиздердин ишиңиздер биздин аймактын өнүгүшүнө жана дүйнөлүк аренадагы анын ролун бекемдөөгө салым кошкон узак мөөнөттүү жыйынтыктарга алып келет деп ишенем, - деди.

Конференция Чоң Евразия үчүн заманбап чакырыктар жөнүндө билим, тажрыйба жана аналитикалык изилдөөлөр менен алмашуу үчүн: аймакты өнүктүрүүнүн тарыхый, социалдык-экономикалык, саясий жана гуманитардык аспектилерин талкуулоодо, көйгөйлөрдү чечүүдө инновациялык ыкмаларды издөөдө окумуштуулардын, эксперттердин жана практиктердин ортосундагы диалог үчүн аянтча болууга багытталган.

22-сентябрга чейин өтө турган конференциянын талкуусуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Жапониянын эксперттери катышат.

Ошондой эле иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Данил Фомин-Нилов “Кыргызстандын жаш аналитиги – 2023” II улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар