Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛАНБЕК УСЕКОВ ТҮРКСОЙДУН ДИЛ БАЯНДАР СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 593

Бүгүн, 19-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” дил баяндар сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык окуучулар менен жолугушту.

post.title

Уланбек Усеков 50 миң окуучунун арасынан алдыга озуп чыгуу чоң жетишкендик экендигин белгилеп, аларды эл аралык сынактагы жеңиши менен куттуктады.

“Биз бул кубанычтуу кабарды өтө сыймыктануу менен кабыл алдык. Бул жеңиштин артында силердин аракетиңер менен мугалим жана ата-энеңердин колдоосу турат. Анткени ата-эне менен мугалим баланын билим алуусундагы, ийгиликке жетишүүсүндөгү негизги тамыр болуп эсептелет. Кыргызстандын атын, желегин эл аралык деңгээлдеги сынактарда коргоп, даңазалай беришиңерди каалайм”, - деди Усеков.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдөн 50 миңге жакын окуучу катышкан. Окуучулар дил баяндар сынагына улуттук баалуулуктар, көркөм нарктуулуктар, маданият, адабият жөнүндө жазышкан.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ТҮРКСОЙ уюмунун башкы кеңсесинде 16-сентябрда тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

I орун – Сезима Эсенгелдиева, Ысык-Көл обл., Балыкчы шаары З.Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;

II орун – Айбийке Кушбакова, Бишкек шаары, А.Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу;

III орун – Канышай Жумагазиева, Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар