Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ «ТУУРА ТАМАКТАНУУ – СЕРГЕК ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУН ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА

Көрүлдү: 2456

Бүгүн, - 18-сентябрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги астында “Туура тамактануу – сергек жашоонун маңызы” аттуу эл аралык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жумушчу жыйыны болуп өттү.

post.title

Аида Рысбаеванын айтымында, 10 жылдан бери мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алынып барылууда, көлөмдүү иштер аткарылды. «Тамак-аш жасоочу бөлүктөрдө оңдоо иштери жүргүзүлүп, тийиштүү жабдуулар менен толук жабдылган. Алдыда көптөгөн аткарчу иштер турат. Жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарып, актуалдуу маселелерди талкуулап, биргелешкен иштин жаңы багыттарын аныктай турган учур келди», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында өтүүчү эл аралык форум өлкө Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча өтүүдө, анын максаты – “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу, ошондой эле КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү.

Уюштуруу комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү кирди.

Форумга катышуу үчүн КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, эл аралык институттардын, адистештирилген илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар