Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОКУУЧУЛАР ЭКОЛОГИЯЛЫК ТУРУКТУУЛУК БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ СУНУШТООНУ ҮЙРӨНҮҮДӨ

Көрүлдү: 461

8-10-сентябрда Нарын шаарында «Жаштардын климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракеттери» аталышындагы конференция өттү.

post.title

Конференциянын негизги максаты – жаш муунду курч экологиялык көйгөйлөр, анын ичинде глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшү боюнча маанилүү түшүнүктөр менен тааныштыруу.

Иш-чарада Нарын облусунун Орто-Нура айылындагы Б. Бекжанов атындагы мектептин, Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиева атындагы орто мектебинин, Миң Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин жана Дөбөлү айылындагы О.Токтосунов атындагы орто мектептин окуучулары экологиялык туруктуулук жана финансылык натыйжалуулук боюнча инновациялык долбоорлорду сунуштады. Мыкты деп таанылган команда экологиялык маселелерди чечүүгө кошкон салымы үчүн баалуу белектерге жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар