Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДАН 229 АБИТУРИЕНТ СИБИРДЕГИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 552

Кыргыз Республикасынан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн.

post.title

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда.

1.Томск шаарынын жогорку окуу жайлары: 
•    Сибирь мамлекеттик медициналык университети – 33 адам (бюджет – 27);
•    Томск мамлекеттик университети – 109 адам (бюждет – 109) 
•    Томск мамлекеттик башкаруу системалары жана радиоэлектроника университети – 26 адам (бюджет – 26);
•    Томск политехникалык университети – 13 адам (бюджет – 13);
•    Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети – 8 адам (8-бюджет).
2.    Омск шаарынын жогорку окуу жайлары:
•    Омск гуманитардык академиясы – 13 адам;
•    Омск мамлекеттик медициналык университети – 7 адам;
•    Омск мамлекеттик техникалык университети – 6 адам;
•    Омск мамлекеттик жол байланыш университети – 3 адам (3-бюджет);
•    П.А.Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети – 2 адам (бюждет – 2);
•    Сибирь Мамлекеттик автомобиль жана жол университети – 1 адам (бюджет – 1).
3.    Горно-Алтайск шаарындагы жогоркуу окуу жайлары: 
•    Горно-Алтайск мамлекттик университети – 8 адам (бюджет – 8).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар