Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАСМАКАНАДАН 136 МИҢ 320 НУСКАДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 3381

“Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты.

post.title

Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар