Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН СТУДИЯ ЖАБДЫЛДЫ

Көрүлдү: 1572

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда видеосабактарды жана видеолекцияларды жаратуу үчүн студия ачылды.

post.title

Мугалимдер аралыктан окутууну, вебинарларды, мультимедиялык материалдарды жана интерактивдүү сабактарды уюштуруу үчүн заманбап технологияларды колдоно алышат. Техникалык жабдуулар заманбап билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга жардам берет.

Студия Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында жабдылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар