Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖДОРУНУН КОНСОРЦИУМУ ELSEVIER КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Көрүлдү: 1660

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын 15 жогорку окуу жайларынын консорциумунун провайдери болгон Ош мамлекеттик университети менен Elsevier B.V. академиялык басмаканасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Elsevier компаниясынын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча аймактык жетекчиси  Дамир Рахметов жана Elsevier басылмасына жазылуу боюнча консорциумга кирген ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Консорциумдун мүчөлөрү:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректор Абдрахманов Т.А.

2. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, ректор Мусаев А.И.

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ректор Чыныбаев М.К.

4. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик мендициналык академиясы, ректор Кудайбергенова И.О.

5. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Нургазиев Р.З.

6. Ош мамлекеттик университети, ректор Кожобеков К.Г.

7. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ректор Иманбаев А.А.

8. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, ректор Зулуев Б.Б.

9. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, ректор Зулпукаров А.

10. М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, ректор Турсунбаев Ж.Ж.

11. Баткен мамлекеттик университети, ректор Гыязов А.Т.

12. АДАМ университети, ректор Сирмбард С.Р.

13. Жалал-Абад мамлекеттик университети, ректор Усенов К.Ж.

14. “Салымбеков Университети”, ректор Жумадилов Э.Ж.

15. Кыргыз-Түрк “Манас” университети, ректор Алпаслан Джейлан.

Министрдин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков эки тараптуу меморандумдун кол коюлушу илим тармагы үчүн маанилүү учур экендигин айтып, илимди өнүктүрүүгө дагы бир кадам ташталгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Уланбек Усеков Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча активдүү иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Меморандумдун негизги максаты Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин, окумуштууларынын публикациялык активдүүлүгүн көтөрүү жана алардын эл аралык деңгээлге чыгышына мүмкүнчүлүк түзүү экендигин айтты министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

Elsevier – илимий-техникалык жана медициналык маалымат боюнча дүйнөдөгү эң ири борборлордун бири болуп саналган маалыматтык-аналитикалык компания. Анда  жыл сайын дүйнөдө жарыяланган илимий журналдардагы бардык макалалардын төрттөн бир бөлүгү же жылына 250 миңге жакын макала чыгарат. Бүгүнкү меморандумдун кол коюлушу менен бизге Scopus базасы ачылат жана Elsevier компаниясы методикалык-методологиялык жардам көрсөтөт”, - деди Расул Абазбек уулу.

Elsevier компаниясы 180 өлкөнүн 4 миң 500гө жакын уюмдарынын жана университеттеринин илимий макалаларынын архивине кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Elsevier продуктунун жазылуучуларына дүйнө жүзү боюнча илимий борборлор, университеттер, китепканалар, ошондой эле Европа, Америка жана Азиядагы жеке корпорациялар кирет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар