Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫН МЕКТЕПТЕ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУ УКУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ КЕПИЛДИГИ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Көрүлдү: 802

2023-жылдын 6-сентябрында "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын кечиктирилгис ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.

post.title

Жыйынга Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана башка тийиштүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө, мектеп жетекчилеринин коррупциялык иштерге аралашпоосу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Министр белгилегендей, учурда ишеним телефону күнү-түнү иш алып барууда жана тийиштүү укук коргоо органдарына Президенттин жогорудагы Жарлыгын аткаруу боюнча так тапшырмалар берилген.

“Мектеп директорлору улуттун келечеги саналган бүтүндөй муунду тарбиялап жаткан эмгек жамаатын жетектеп, лидер болгон соң, аларга карата талаптар өзгөчө болот. Директорлордун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди. Биз бүгун мындай фактыларга кескин бөгөт коюу иретинде чогулуп отурабыз. Айрым мектептер “үй-бүлөлүк вотчинага” айланып, жакын туугандары иш процессине аралашкан фактылар аныкталууда, мындан ары буга катуу чаралар көрүлөт”, - деди министр.

Мындан тышкары, жыйында мектептердеги билим берүү сапатын жогорулатуу, ЖРТ, “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгын жакшыртуу боюнча алгылыктуу кадамдар зарылдыгы айтылды.

Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлү Гүлзат Алымкулова билдиргендей, учурда жарандардан мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар жана коомдук фондулар тууралуу арыздар келип түшүүдө. Прокуратура өкүлү мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөөчү орган катары директорлорду мыйзамга каршы келүүчү иш-аракетерден алыс болууга чакырды.

Белгилей кетсек, Президенттин Жарлыгына ылайык, мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына шилтеме: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435049

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар