Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИШЕНИМ WhatsApp КАНАЛЫ: 6 КҮНДӨ 75 КАЙРЫЛУУ КЕЛИП ТҮШТҮ (РАЙОН, ШААРЛАРДЫН ТИЗМЕСИ)

Көрүлдү: 1178

2023-жылдын 28-августунан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним WhatsApp каналы (0999800500) иштей баштаган.

post.title

Ишеним whatsApp каналына 28-августтан 3-сентябрга чейин жарандардан 75 кайрылуу түштү.

Анын ичинен:

  • мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу – 23 (Ош облусунун Кара-Суу шаары, Араван району, Ош шаары, Чүй облусунун Токмок шаары, Чүй району, Жайыл району, Чүй облусу, Дмитриевка айылы, Баткен облусунун Кадамжай району, Ысык-Көл облусунун Түп району жана Каракол шаары, Жалал-Абад облусунун Аксы району жана Жалал-Абад шаары, Нарын облусунун Кочкор району),
  • кошумча сабактардын төлөмү – 2 (Чүй облусунун Сокулук району, Бишкек шаарынын Биринчи май району),
  • китепти ижарага алуу жана сатып алуу маселеси – 18 (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Достук айылы, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарлары, Баткен облусунун Сүлүктү шаары жана Лейлек району, Ош облусунун Кара-Суу районунун Курбан айылы жана Кара-Суу шаары,Талас облусу Ч.Айтматов району жана Талас районунун Таш-Арык айылы, Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Бишкек шаары),
  • тамак-аш маселеси – 8 (Жалал-Абад шаары, Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылы, Баткен облусунун Кадамжай району),
  • директордун ишине нааразычылык – 5 (Ысык-Көл облусунун Тоң району, Ош облусунун Ноокат району жана Араван районунун Тоюн айылы, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары),
  • “Акылман” Президенттик лицейи – 2 ( Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылы),
  • шаардык жана райондук билим берүү мекемелери -2 (Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Ош облусунун Араван району),
  • башка маселелер – 15 (Бишкек шаары, Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Октябрь райондору, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тогуз-Булак жана Темир-Канат айылдары, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаары, Токмок шаары, Талас облусунун Талас шаары),

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин бүгүнкү аппараттык кеңешмесинде жарандардан келип түшкөн ар бир кайрылуу боюнча ыкчам иш алып барууну тапшырды.

Эскертүү!

Ишеним whatsApp каналына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча конкреттүү фактынын негизинде жазуу керек. Ишеним whatsApp каналына чалуулар жана аудио кайрылуулар кабыл алынбайт! Ишеним whatsApp каналы күнү-түнү иш алып барат!

#илимбилимөнүгүү

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар