Көрүлдү: 1836
Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада (35th IOI 2023 Hungary) күмүш медаль жеңип алды.
2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.
Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча курама команданын көрсөткүчү:
1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү - күмүш медаль;
2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү - коло медаль;
3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу - коло медаль;
4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.
Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы - Кылычбек Урайымов.
Команда жетекчиси - Павел Панков.
International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.