Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР” АРДАКТУУ НААМЫН 23 АДАМ АЛДЫ

Көрүлдү: 1619

Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 30-августунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 23 билим берүү кызматкерине “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамы ыйгарылды.

post.title

 

Абакиров Курманбекке

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы;

 

Абдувалиев Абдыганы Осмоновичке

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар департаментинин директору, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин колдонмо информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти;

 

Абдувалиев Ибраимге

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору;

 

Айдарбекова Зифаргуль Мусулманкуловнага

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын башчысы;

 

Алыбаев Курманбек Сармановичке

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациалык технологиялар илимий изилдөө институтунун директору;

 

Алымкулов Самсалы Амановичке

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  Маалыматык технологиялар институтунун информатика жана эсептөөчү техника кафедрасынын профессору;

 

Батаканова Светлана Топчиевнага

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил жана тарбия  иштери  боюнча  проректору;

 

Бейбутова Рысбюбю Алджамбаевнага

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы;

 

Бейшембаева Кульнура Мукашевнага

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын № 3 “Ай-Данек” бала бакчасынын директору;

 

Бекбалаев Амангельды Абдыжапаровичке

Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультеттин деканы;

 

Джолдошбекова Сарылканга

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин коомдук маданий иш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу;

 

Исаков Топчубай Эргешовичке

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору;

 

Искендерова Сусарга

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасынын башчысы;

 

Кудайбергенов Төрөбай Тургунбековичке

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин биотехнология жана химия кафедрасынын профессору;

 

Курманкожоев Мукамбеталы Жунушалиевичке

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитетинин төрагасы;

 

Мамырова Токтокан Мамыровнага

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун мектепти башкаруу жана педагогика лабораториясынын башчысы;

 

Машрапова Гүлай Эгемназаровнага

Ош облусунун Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Мукамбаев Нурбек Жээмбаевичке

Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын профессору;

 

Омурова Толкун Омуровнага

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык факультетинин дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы;

 

Садыкова Сымбат  Зарылкановнага

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун немец тили кафедрасынын башчысы;

 

Ташбаев Азизбек Мазановичке

М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы;

 

Туркменов Мелске

Чүй облусунун Токмок медициналык колледжинин тарых жана коомдук тартиптер сабагынын окутуучусу;

 

Эргешов Абжапар Абдыразаковичке

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору;

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар