Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУГАЛИМДЕР ЖОГОРКУ КЛАССТАРДЫ ОКУТУУ ЫКМАЛАРЫ ТУУРАЛУУ КУРСТАРДА КЕСИПТИК ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТЫШАТ

Көрүлдү: 544

Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту 5-11-класстын мугалимдери үчүн окутуудагы усулдук ыкмалар, мамилелер жана технологиялар тууралуу кесиптик жогорулатуу курсун иштеп чыкты.

post.title

2023-2024-окуу жылынын аягына чейин өлкө боюнча 460 мамлекеттик мектептерде жогорку класстардын 10 миң мугалими онлайн-окуудан өтүүсү күтүлүүдө. Максаттуу мектептер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган.

«Бул курстун негизги өзгөчөлүгү – командалык окуу жана ар түрдүү предметтер боюнча мугалимдердин ортосундагы байланышты бекемдөө», - деп белгиледи институттун директору Калыйбүбү Жунушалиева.

Атайын окуудан өткөн 50 ментор мугалимдердин аткарган иштерине кайтарым байланыш берип, методикалык колдоо көрсөтүшөт.
Окутуу Япония өкмөтү тарабынан каржыланган ЮНИСЕФтин “COVID-19 учурунда мектептердин жабылышынан жабыркаган балдарга сапаттуу билим берүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар