Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ҮЧ ТИЛДЕ ОКУТА ТУРГАН ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 566

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги “Edu kids” балдар бакчасы ачылды. Мында билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

post.title

Үй тибиндеги балдар бакчасынын ачылышына Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, ата-энелер жана балдар катышты.

Нурзида Касымова балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн министрлик үй тибиндеги бала бакчалардын санын көбөйтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Үй тибиндеги бала бакчанын негиздөөчүсү Зарема Исмаилова «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында толук окуу курсунан өтүп, жеке ишкер катары катталган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар