Көрүлдү: 1454
Бүгүн, 28-августта, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан Республикалык комиссия тарабынан жактырылган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-августундагы №150 Тескемесине ылайык, 2023-2024-окуу жылына “Эл үмүтү” стипендиаттарын окутууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 59 млн 994 миң 760 сом бөлүндү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиаттарынын тизмеси -
Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:
- Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
- Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
- Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
- Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиаттарынын тизмеси –
Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси::
- Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
- Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
- Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
- Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
- Ашырмаматов Исламбек Нурбекович – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
- Жакыпбекова Бермет Жакыпбековна – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
- Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
- Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
- Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
- Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
- Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
- Туратхан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
- Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;