АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР ТҮРКСОЙ УЮМУНУН СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛУШТУ
Көрүлдү: 1343
“Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясында бир катар билим жана илим тармагынын өкүлдөрү Түрксой эл аралык уюмунун сыйлыгы менен сыйланышты.
Сыйлангандар:
- Алыбаев Сабырбек Медербекович - Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин тарых мугалими,
- Асаналиева Кыял Айбашевна - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин доценти,
- Астанов Шавкатбек Моминжанович – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканынын м.а.,
- Жунушалиева Мөөркан – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун А.Албаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча ардагер мугалими,
- Кадыров Абдинаби Азабаевич – Баткен мамлекеттик университетинин «Айгүл-Тоо» маданий-тарыхый музейинин жетекчиси,
- Мамбетакунова Нургул Барктабасовна – Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
- Эшматов Рысбек Канатбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабиятынын тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери,
- Акматов Кыялбек Камутович - Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, доцент.
Бөлүшүңүз