Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИК СПОРТ ФЕСТИВАЛЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛДУ

Көрүлдү: 1079

19-августтан 31-августка чейин Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Эл аралык университеттик спорт фестивалында кыргызстандыктар байгелүү орундарга ээ болду.

post.title

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч спортчу – Кыргыз медициналык стоматологиялык институтунун 3-курсунун студенти Муратбек уулу Улан (57 кг салмакта), Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 кг салмакта) жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин  2-курсунун студенти Орункул уулу Бекзат (82 кг салмакта) күмүш байгеге ээ болду.

 

Эркин күрөш боюнча Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери Бермет Нуридин кызы (59 кг салмакта) алтын медалга ээ болсо, Дильназ Сазанова (65 кг салмакта) күмүш медалды жеңип алган.

Таймашка 36 өлкөдөн 281 университеттин өкүлү катышууда. Мелдештер спорттун 14 түрү боюнча өттү.

 

Сүрөттөр Эл аралык университеттик спорт фестивалынын мүдүрлүгүнө таандык https://ekat2023.com/ru/photo_albums

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар