Көрүлдү: 521
22-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Билим берүүнү жана жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн санариптик платформасы” деген темадагы Талас облусунун билим берүү кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмесине катышты.
Министр өз сөзүндө билим берүүнүн жаңы багыттарын аныктады.
Каныбек Иманалиев келечек муундун татыктуу билим алышы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Быйыл Талас облусунда 15 мектеп жана бала бакча курулуп жатат.