ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ВЕБИНАРЛАР БАШТАЛДЫ
Көрүлдү: 1991
Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды.
Вебинарлар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында zoom платформасы аркылуу өтүп, ага 7 миңге жакын педагог катышууда.
Вебинарлардын темалары:
- “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору”;
- “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар”;
- “Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары”;
- “5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу”;
- “2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар”;
- “Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле”;
- “Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз”.
Бөлүшүңүз