Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ДАЯРДЫКТАРДЫ ТЕКШЕРДИ

Көрүлдү: 2009

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бул аптанын аягында Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы курулуп жаткан мектептер, бала бакчалардын имараттардын абалы менен таанышып, жаңы окуу жылына карата даярдыктарды текшерди.

post.title

Бүгүн алыскы Тогуз-Торо районунундагы Казарман айылында жагашкан № 13 М. Жаңыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде болду. Мектеп 1978-жылы стандарттка ылайык эмес, жыгач тирөөчтөр менен курулган. Алгач 90 окуучулук орунга эсептелген мектепте, учурда 238 окуучу билим алып жатышат. Мектеп эки сменде билим алышат. Жыл сайын окуучулардын саны 20-25 окуучуга көбөйүп жатканын мектептин директору Сүйөркүл Молдалиев билдирди.

Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги 2015 жана 2019-жылдары бул мектепти авариялык абалда деп эки жолу акт чыгарып беришкен. Балдардын окуусуна бул мектеп өтө кооптуу деп табылган. Анткени, дубалдары ным тартып, пайдубалы чөгүп баштаган.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев райондук билим берүү башкармалыгына авариялык абалдагы мектептин курулушун тездетүү боюнча баардык документтерди ыкчам даярдоого тапшырма берди.

Казарман айылындагы "Жаңылмырза" мектепке чейин билим берүу уюмунда болду. Бул балдар бакчасы 110 балага ылайыкталган типтүү мекеме болуп эсептелинет. 2022-жылы АРИС уюуму бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери үчүн 16 млн 996 сомдук каражат бөлүп, 2023-жылы 24-майда бала бакча кайрадан ачылып, ишин баштаган.

Министр Каныбек Иманалиев Тогуз-Торо районундагы Арал айылында жайгашкан №3 Б. Урстомбеков атындагы мектепте салынып жаткан мектептин спорттук залы жана жаңы имаратынын курулушу менен таанышып чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар